АЛА-АРЧАГА ТҮШҮП КЕТКЕН ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ
Бишкекте Ала-Арча суусуна түшүп кеткен жаран аман-эсен куткарылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, «102» кызматына Ленин районунун Заводской поселок көчөсүндөгү көпүрөдөн 1986-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши Ала-Арча суусуна түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, жаранды алып чыгышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен
ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖЕР ТИТИРЕДИ
Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-октябрь түнү саат 00:43тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
БИШКЕКТЕ СУУ БОЛБОЙТ
11-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу убактылуу токтотулат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.