• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Бишкектин жаңы мэри жамаатка тааныштырылды. Сосновкадагы чектөө алынды

1 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ МЭР ИШКЕ КИРИШТИ

Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган Айбек Жунушалиев эмгек жамаатына тааныштырылды.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калаа башчысын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырган.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Эмилбек Абдыкадыров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин кызматынан бошотулду.

СОСНОВКАДАГЫ ЧЕКТӨӨ АЛЫНДЫ

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 31-октябрда аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда саат 13:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

БАЛА-БАКЧАЛАРДАГЫ БАЛДАРДЫН ТАМАКТАНУУСУ

Кыргызстанда бала бакчаларда балдардын тамактануусун уюштуруу ата-энелердин эсебинен ишке ашырылат. Маалыматты Финансы министрлигинен тастыкташты.

«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Буга чейин социалдык тармактарда бала бакчалардагы тамак-аш үчүн эми ата-энелер төлөй турганы жөнүндө маалыматтар тараган.

Количество просмотров: 341