• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүрөт. Жаран баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн

3 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

АСТАНАДА ТМУ САММИТИ БАШТАЛДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги онунчу жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан) «Акорда» президенттик сарайына келди.

Президенттик сарайда иш-чарага келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

БООМДО ТАШТАР ТҮШҮРҮЛӨТ

Боом капчыгайында 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, темир жолдун 3898-3899-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин жабык болот.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы жарандарга автоунаа менен барчу жолду алдын ала пландаштырууну сунуштайт.

БАҢГИЗАТ САКТАГАН ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Сокулукта кылмыш дүйнөсүндө туруктуу байланышка ээ жаран баңги кылмышына шектелип кармалды. Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Сокулукта бир нече жолу соттолгон жаран баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Ошондой эле ал баңгизаттардын туруктуу сатуу каналын түзүп алган.

2023-жылдын октябрь айынын аягында ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарында жашаган Нарын облусунун тургуну 1992-жылы туулган жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын карманат, криминалдык чөйрөдө туруктуу байланышка жана сыйга ээ.

Количество просмотров: 146