• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Боомдо унааларга чектөө кирет. Эл аралык издөөдө жүргөн адам Оштон кармалды

14 Жетинин айы 202214:00 Бишкек Govori.TV

БООМДО ЧЕКТӨӨ КИРЕТ

14-ноябрдан 19-ноябрга чейин Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Жолчулар трассанын бир бөлүгүнө асфальт төшөтүшөт. Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт (Боом капчыгайы) унаа жолу менен жүрүү каршы тилкеде жүргүзүлөт.

ЭЛ АРАЛЫК ИЗДӨӨДӨГҮ ЖАРАН КАРМАЛДЫ

11-ноябрда УКМК өнөктөш атайын кызматтар менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, «Амир» «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү ишмери, экстремисттик ишмердүүлүгү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаран Ош шаарынын аймагынан кармалды.

Атайын кызматтардын маалыматы боюнча, кармалган жаран Европа өлкөлөрүндө (Украина, Чехия, Швеция жана Польша) жашаган “Хизб-ут-Тахрир” маалымат каражаттарынын кызматкерлери менен байланыш түзүп, уюмдун жактоочуларын дистанттык түрдө жалдоо жана окутуу менен активдүү алектенип келген.

Фергана өрөөнүндөгү экстремисттик ишмердүүлүгүн координациялап, Кыргызстандын аймагында коңшу мамлекеттин укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КУДУКТАН ЭРКЕК КИШИНИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте кудуктан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-35 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү Биринчи май районунун Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен табылган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү кудуктан чыгарышкан.

Количество просмотров: 75