Соңку жаңылыктар: Бурулайдын иши боюнча сот күнү белгиленди. Мечитте өрт чыгып, эки адам каза болду (видео)
Соңку жаңылыктар: Бурулайдын иши боюнча сот күнү белгиленди. Мечитте өрт чыгып, эки адам каза болду (видео)
23 Баш оона 201814:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.08.2018.Govori.TV.
Сахалинде каза болгон 2 кыргызстандыктын сөөгү өз мекенине жөнөтүлөт
Сахалинде каза болгон 2 кыргызстандык жарандын сөөгү өз мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Сахалинде заводдун имараты кыйрап, анда 2 кыргызстандык жаран көз жумган.
Жүк-200 23-августта Кыргызстанга келет.
Оштогу мечитте өрт чыгып, эки адам каза болду
Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүндө өрт чыгып, 2 адам каза болду. Бул маалыматты ӨКМ басма-сөз кызматы тастыктады.
Күбөлөрдүн айтымында, Ош–Араван жолунун 13-чакырымында жолоочулар үчүн намазкана жайгашкан. Намазкананын артында наабайкана, ашкана да бар. Бүгүн, 23-августта саат 07:00 чамасында ошол ашканадан газ баллон жарылып, өрт чыкканы болжолдонуп жатат.
Өрт болгон жерде 2 адамдын жансыз денеси табылган. Учурда өрттү толук өчүрүү жана маркумдардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.
Бурулайдын иши боюнча сот күнү белгиленди
Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон студент Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш сотко өтүп, отурум өтө турган күн белгиленди. Бул тууралуу Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиевдин адвокаты Есения Рамазанова билдирди.
Анын айтымында, Бурулайды өлтүрүүгө байланыштуу шек саналган Марс Бөдөшевдин ишин кароо 5-сентябрга, ал эми милиция кызматкерлеринин үстүнөн козголгон ишти кароо 10-сентябрга коюлду. Эки иш тең саат 10:00дө Жайыл райондук сотунда өтөт. Адвокат Рамазанова биринчи эле соттук отурумда Жайыл райондук сотуна жана прокуратурасына ишенбестик көрсөтүп, Бишкектин Свердловск райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирээрин кошумчалады.