• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Чоң энесин өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Унаа бакты сүзүп, 2 адам күйүп кетти

20 Тогуздун айы 202214:00 Бишкек Govori.TV

ОШТО ЖЕР ТИТИРЕДИ

Кыргызстандын аймагындар жер титирөө катталгандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 19-октябрда саат 16:09та Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен. Жер титирөө Өзгөн районунун Салам-Алик, Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 3 баллга жана Жерге-Тал айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

УНАА БАКТЫ СҮЗҮП, ИЧИНДЕГИ 2 АДАМ КҮЙҮП КЕТТИ

Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 168-чакырымында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөнүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Натыйжада унаадан өрт чыккан.

Боо-Терек айылындагы кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы Б.К. аттуу эркек жана 62 жаштагы Ж.К. аттуу аял киши каза болгон. Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, Кара-Буура райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирип беришкен.

ЧОҢ ЭНЕСИН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП НЕБЕРЕСИ КАРМАЛДЫ

Сокулук районунда 70 жаштагы чоң энесин өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда Сокулук райондук милициясына 70 жаштагы Г.В. аттуу кемпир денесинде оор жарааттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү боюнча маалымат келген. Келтирилген оор жарааттарынын кесепетинен Г.В. жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (“Адам өлтүрүү”) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында шектүү катары маркумдун 23 жаштагы  небереси кармалып, ал милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Кылмыш ичкиликтин айынан: чоң апасы небересин “ичкилик ичесин” деп урушканынан болгон”, — деп айтылат маалыматта. Тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 2601