• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан дагы 4 адам көз жумду. Референдумга канча каражат коротулаары айтылды

15 Бештин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 4 адам көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жыйында билдирди.

Алардын экөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда дарыланып жаткан.

Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония аныкталгандан кийин жалпы 1316 адам каза болду.  Бир суткада 236 адамдан бул илдет жаңы аныкталса, 417 адам сакайып чыкты.

Март айынан бери 77 миң 910 киши коронавирус жуктуруп алганы маалым болсо анын 70 867си сакайганы айтылды.

РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮГӨ КАНЧА КАРАЖАТ КОРОТУЛАТ?

Кыргызстандагы башкаруу формасын аныктоо үчүн өтө турган референдумга 39 миллион 946 миң сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүн, 15-декабрда журналисттерге билдирди.

“10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум да өтөт. Референдум өткөрүүгө дээрлик 39 млн сомдон ашуун каражат жумшалат”,-деди Бекматов.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Ага кошуп мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча да референдум дайындалган. Кыргызстандыктар бул күнү өлкө президенттик же парламенттик башкарууга өтүшү керектигин аныктайт.

УНАА СУУГА КУЛАП, БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ

Чаткалда жол кырсыгынан улам унаа сууга түшүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-декабрь күнү саат 19:54 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 110-чакырымында (Жаны-Базар айылы) Чаткал суусуна Жигули унаасы түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 37 жаштагы эркек киши каза болгон.

Жергиликтүү тургундар тарабынан маркумдун сөөгү унаадан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 39