• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: COVID-19дан эки бейтап каза болду. Абдыгуловду кызматтан алуу боюнча документ парламентке келди

28 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 28-сентябрда Кыргызстанда COVID-19 вирусунан эки бейтап каза болуп, 58 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 178 375 адам болду. Оорудан 173 005 адам айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү 476 адам ооруканада, 811 бейтап үйдөн дарыланып жатат. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда бул илдеттен каза болгондордун расмий саны 2604 кишиге жетти.

АБДЫГУЛОВ КЫЗМАТТАН КЕТЕТ

Парламенттин Экономика жана фискалдык саясат комитетине Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду өз каалоосу менен кызматтан алуу боюнча документ келип түшкөнүнүн Жогорку Кеңештин депутаты, аталган комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешов Telegram каналына жазды. Депутаттын айтымында, жаңы талапкердин дагы аты-жөнү аталууда. «Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындалышы мүмкүн»,-деди Бекешов. Улуттук банктын башчылыгына талапкер делген Кубанычбек Бөкөнтаев буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

МИГРАНТТАРГА ЖЕҢИЛДИКТЕР

Тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөн кыргызстандык жарандарды 30-сентябрга чейин миграциялык документтерин толугу менен иреттөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеме атайын билдирүү таратты. Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскертти. Мындай документтери болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып пул салат, же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Количество просмотров: 136