• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Дагы 822 кишиге коронавирус жукту. Июнда азык-түлүктүн баасы 19,5% кымбаттады

24 Кулжа 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир суткада дагы 822 кишиге коронавирус жукканы аныкталды. Дагы беш бейтап көз жумганын COVID-19га каршы Республикалык штаб 24-июнда кабарлады. Ооруканада жаткан 2600дөн көбүрөөк адамдын 120сынын абалы өтө оор, 800дөн көбү оор абалда. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 24-июнда 118 106 кишиге жетти. Алардын 107 миңге жакыны айыгып, 1 958иказа болду.

НАРЫМБАЕВ КАМАКТА КАЛДЫ

24-июнда Бишкек шаардык соту президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин бөгөт чарасын карап, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды. Буга чейин Нарымбаевди камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук соту чечим чыгарып, адвокаттар шаардык сотко даттанган эле. 9-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Данияр Нарымбаевди “Кумтөр ишине” байланыштуу айыптап, “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Биринчи май райондук соту аны тергөө бүткүчө камакта калтырган. Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген. Кумтөр иши боюнча бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлер кармалды, айрымдары суракка чакырылып жатат. Буга чейин Бишкек шаардык соту Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун дагы ишин карап, аларды камакта калтырган.

АЗЫК-ТҮЛҮК БААСЫ ӨСТҮ

Кыргызстанда июнда азык-түлүктүн баасы май айына салыштырмалуу 19,5% кымбаттады. Баш калаа Бишкектеги баалар 22,8% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Сабиз 58,4%, картошка 36,3% кымбаттады. Бышыкчылык мезгили экенине карабай, мөмө-жемиштердин баасы 6,4% өскөн. Коронавирус пандемиясында кымбатчылык каптап, базар баасы 2020-жылдын жазынан бери улам жогорулап жатат. Улуттук банк жакынкы айларда инфляция 10% ашпайт деп 2021-жылдын февралында болжолдоп, жылдын аягында 7% чейин төмөндөй турганын билдирген. Бирок май айындагы божомол боюнча сентябрга чейин инфляция 11% деңгээлинде болору, жыл соңунда 9% чейин төмөндөй турганы айтылган.

Количество просмотров: 305