• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Дагы бир мамлекеттик кызматкер иштен кетти. Унаанын алдында калган жаран аман калды

14 Бирдин айы 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

САУЛЕ МЕЙРМАНОВА КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова иштен кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Сауле Мейрманова эки күн мурда иштен кетүү боюнча арыз жазган. Эртең, 14-февралда, мэр анын берген арызына кол коёт”, — деп айтылыт маалытта. Ал ошондой эле башкармалыкты Мейрманованын орун басары Наталья Никифирова убактылуу жетектеп турат. Эске салсак, буга чейин Балбак Түлөбаев Билим берүү башкармалыгын Мейрманова жетектеп турган маалда көйгөйлөр топтолуп, бирок чечилбей жатканын айткан. Ал ошондой эле жетекчиге иштен кетүүнү сунуштаган.

УБАКТЫЛУУ АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТҮН МӨӨНӨТҮ АЯКТАЙТ

Кыргызстанда 15-февралдан тарта убактылуу айдоочулук күбөлүктөрүнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Ахмед Нурманбетов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, мөөнөтү бүткөн жана убактылуу айдоочулук күбөлүк менен жүргөн айдоочуларга карата мыйзам чегинде чара колдонулат: “Аларды аныктоо үчүн атайын рейддик иш-чаралар болбойт. Бирок жол эрежесин бузуп, алмаштырылбаган же убактылуу күбөлүгү менен жүргөнү аныкталса, айдоочу мыйзамга ылайык миң сом өлчөмүндө айыппул төлөйт, машинасы айып токтотмого коюлат. Айдоочу өзү унаа айдоо укугунан күбөлүгүн алмаштырганга чейин ажыратылат.” “Унаа” мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, былтыр июнь айынан декабрга чейин 49 миң жаранга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Анын ичинен 38-39 миң айдоочу күбөлүгүн колуна алган. Ал эми мөөнөтү көрсөтүлбөгөн айдоочулук күбөлүктөр Кыргызстандын ичинде жарактуу болуп кала берет. Кыргызстанда 2011-жылы берилген айдоочулук күбөлүк жана автоунаанын техникалык паспортун даярдоочу бланктар менен камсыз кылган «Атлас Крипт» ишканасы менен түзүлгөн келишим былтыр апрелде аяктаган. Натыйжада 56 миң кишиге убактылуу айдоочулук күбөлүк берилген. Ал эми жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр декабрдан тарта берилип келди.Расмий маалымат боюнча мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 сом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

УНААНЫН АЛДЫНДА КАЛГАН ЖАРАН АМАН КАЛДЫ

7-апрель көчөсүндө жөө жүргүнчү жолдон өтүп бара жатып, тайгаланып унаанын астына кирип кетти. Бул тууралуу күбөлөр интернет булактарына жарыялады. Милициянын Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиргендей, бактыга жараша жөө жүргүнчү жаракат алган эмес. “Кырсык 13-февралда саат 12:30 чамасында болгон. Анда жөө жүргүнчү тайгаланып кетип, Тойота үлгүсүндөгү унаанын астына кирип кеткен. Окуя болгон жерге “Тез жардам” келген бирок жөө жүргүнчү абалы жакшы экенин айтып, жардам алган эмес”, -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 2454