• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Көлбаевдин сөөгү жерге берилди. Жүргүнчү ташыган унаалар айыпка жыгылды

5 Тогуздун айы 202314:00 Бишкек Govori.TV

МАРШРУТКАЛАР ТЕКШЕРИЛДИ

Жүргүнчүлөрдү ташыган унааларга рейд өткөрүлүп, 1 млн 410 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан өлкө аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторго карата “Жүргүнчүлөдү ташуу” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Анда жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин жана лицензиялык талаптардын сакталышы, мыйзамсыз жана уруксатсыз кошумча жабдыктарды орнотуп алуу, ылдамдыкты ашырып айдоо, унаанын техникалык абалы текшерилип, аныкталган кемчиликтер үчүн 780 укук бузуулар тууралуу протоколдор түзүлүп, жалпысынан 1 млн 410 миң сомго айып салынды.

КӨЛБАЕВ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Бүгүн, 5-октябрда Чолпон-Ата шаарында бир күн мурун УКМКнын атайын күчтөрү тарабынан кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Анын сөөгү түндө Бишкектин өлүкканасынан алынып келинген.

Кечээ, 4-октябрда Бишкектеги Учкун басмаканасынын жанындагы Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. Анда Көлбаев куралдуу каршылык көрсөтүп, жок кылынганын УКМКдан кабарлашкан.

ТАШТАНДЫ МУЗЕЙИ АЧЫЛАТ

Экологиялык искусство фестивалынын алкагында Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат. Таштанды музейинин ачылышы 2023-жылдын 7-октябрында «Алтын Казык» конушунда болот.

Белгилей кетсек, экологиялык искусство фестивалы 22-сентябрдан 19-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан, АКШдан, Швейцариядан, Голландиядан, Грузиядан, Чехиядан жыйырмадан ашык сүрөтчүлөр катышууда. Алар булгануу маселесин чечкен көркөм инсталляцияларды жана иш-чараларды түзүү үчүн бирге иштешет.

Ошондой эле катышуучулар архивдик изилдөөлөр, кайра иштетилген материалдардан жасалган интерактивдүү инсталляциялар, спектаклдер, көргөзмөлөр жана көркөм сессиялар, семинарлар, талкуулар жана презентациялар аркылуу өз аймагындагы булгануу көйгөйлөрүн чагылдырган эмгектерин тартуулашат.

Количество просмотров: 469