• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кайсы жерде муз тебүү кооптуу экени айтылды. Орун басардын кызматынан алынышынын себеби белгисиз

24 Үчтүн айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

Веб-камера студиясынын мурдагы уюштуруучусу Даниел Аджиевге унаасын мыйзамсыз караңгылатып алганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, айдоочу кечээ 23-февралда кармалган. ИИМ белгилегендей, маңдайкы бетке жана алдыңкы айнектерге мыйзамсыз караңгылатуу жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып салууга алып келет.

Эске салсак, буга чейин Ажиевдин аты ЖМКларда айтылган: жигитке веб-камера студиясын уюштурган, ошондой эле расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козуткан деген айыптар тагылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Кечээ, 23-январда ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы облустун аймагында жайгашкан дарыя, канал, көлмөлөрдө тоңгон музда жылгаяк тепкен балдарга коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү.

Анда дарыя, каналдардын үстүндө муз тебүү өмүргө кооптуу экендиги тыкыр эскертилип, ата-энелерин көзөмөлгө алууга чакырышты.

Ошондой эле кызматкерлер айылдардагы мектеп окуучуларына да муз үстүндөгү коопсуздук эрежелери боюнча маалымат берип, сак болууну эскертишти.

Талантбек Бекташов Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Билим берүү жана илим министрлиги бул маалыматты башка булактардан окуганын айтып, кызматтан алууга эмне себеп болгондугу тууралуу маалымат жок экенин айтышты.
Мындан сырткары анын ордуна ким келээри белгизиз экенин кошумчалады.
Туристти улуттук кийим менен тосуу жагымдуу
Эл өкүлү Тазабек Икрамов Кыргызстанга келген туристтерди улуттук кийимчен тосуп алууну сунуштаарын айтты.

Депутат Жарандык авиация агенттигине аэропорттордо тартипти, тазалыкты орнотууну, бирок биринчи кезекте улуттук кийимдерге көңүл бурууну табыштады.

Количество просмотров: 163