КАРАКОЛДО ЭКИ АЯЛ ӨЛТҮРҮЛДҮ
Каракол шаарында киши колдуу болгон эки аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрда саат болжол менен 00:00 чамасында Каракол ШИИБге Кашка-Суу кичи районундагы үйлөрдүн биринде 2 аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда 1965 жана 1966-жылы туулган жарандардын бычакталганы аныкталган.
Кылмышка шектелип, 1978-жылы туулган Ч.У. аттуу жаран кармалды. Анын үйүнөн кара куурайдын суюктугу табылган.
Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.
КУБАНЫЧБЕКОВГО ӨКҮМ ЧЫКТЫ
Бажы кызматынын экс-төрагасы Адилет Кубанычбеков КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен 10 000 (он миң) эсептик көрсөткүч, башкача айтканда, 1 000 000 (бир миллион) сом мамлекеттик кирешеге айып салууга өкүм кылынганы кабарланат.
Эске салсак, Бажы кызматынын экс-төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда кармалган.
Кубанычбеков 18-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен абактан бошотулган. Буга ишти тергеген УКМКнын өтүнүчү себеп болгон. Анткени Кубанычбеков өзүнө тагылган айыпты моюнга алып, мамлекетке келтирилген зыянды кайтарган.
ТОКТОГУЛОВ 1 АЙГА КАМАЛДЫ
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каржы директору Рыспек Токтогулов Бишкектеги СИЗО-1ге жайгаштырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Мындай чечимди 14-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган. Ага ылайык Рыспек Токтогулов бир айга камакта болот.
Буга чейин Кумтөрдө аныкталган каржылык мыйзам бузуулар орун алганы белгилүү болгон. Башкы прокуратура кылмыш иштерин козгоду. Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк, сатып алуулар боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы директору Рыспек Токтогулов кармалган.