• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Казакстандан ташылып жаткан көмүрдүн алгачкы бөлүгү келди. Бир суткада 13 өрт катталды

18 Жетинин айы 202214:01 Бишкек Govori.TV

ЖЭБГЕ КАЗАКСТАНДАН КӨМҮР ТАШЫЛЫП ЖАТАТ

Бишкек жылуулук электр борборуна Казакстандан ташылып жаткан көмүрдүн алгачкы бөлүгү келди. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи партия менен 64 вагон көмүр түшүрүлүп, дагы 65 вагон жолдо.

«2021-2022-жылдагы кышкы мезгилде да Казакстандын Кара-Жыра кенинен Бишкек ЖЭБине 643 миң тонна D сортундагы көмүр алынган. Бишкек жылуулук электр борборунда бүгүн, 18-ноябрга карата 172 миң тоннадан ашык көмүр бар. Күнүмдүк керектөө суткасына 7,2 миң тоннага жакын»,-деп жазылат маалыматта.

ӨРТ КЫРСЫГЫ

Кыргызстанда акыркы суткада 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 14 бөлүм тартылды.

Базар-Коргон шаарында А.Текебаев көчөсүндө жол жээгинде Audi үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сузак районунун Кулбайлу айылы, Карабаев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 108чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

ШАХМАТ ЗАЛЫ АЧЫЛДЫ

Ош шаарындагы А.Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, объекттин ачылышына мэр Алмаз Мамбетов катышып, бардык курактагы жарандарды шахматка тартууга ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жаш шахматчылар, шахмат сүйүүчүлөр түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн Ош шаарынын мэрине ыраазычылыктарын билдиришип, буга чейин шахмат сүйүүчүлөргө мындай шарттар болбогонун белгилешти. Шахмат залынын курулушуна көмөк көрсөткөн инвесторго да ыраазычылык айтылды.

Белгиленгендей, шахмат залы 60 орунга ылайыкташып, жалпы аянты 180 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык тиешелүү шарттар, ажаткана, кондиционер бар.

Количество просмотров: 129