ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
Унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 16-17-ноябрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар түшүү коркунучу сакталат.
Алсак, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
ТӨРАГАНЫН ЭСКЕРТҮҮСҮ
Бүгүндөн баштап жыйынга катышпаган депутаттардын маянасы кармала баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жыйын учурунда билдирди.
Шакиев эл өкүлдөрүн тартипке чакырып кетти.
“Ушул жумадан баштап тартипти өзүбүздөн баштайлы. Катталып коюп, ишке келбей койгон депутаттарыбыз жок эмес. Жүйөлүү себептери жок келбей жүргөндөр дагы бар. Эмгек кодексине ылайык, сегиз сааттык иш тартибин талап кылабыз. Бүгүндөн баштап ар кандай шылтоолор менен жыйынга катышпаган депутаттардын эмгек маянасын кыркабыз”, — дейт ал.
“ТАЗАЛЫК” КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛДҮ
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысы 7 миң сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.
Анын айтымында, маянанын көтөрүлүшү боюнча чечим кызматкерлерге ыңгайлуу иштөө шарттарын түзүү жана шыктандыруу максатында кабыл алынган.
“Мындан сырткары, тазалыкчылардын айлыгын 2023-жылы дагы көтөрүү пландалууда”, — дейт ал.