• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус дагы 2 адамдын өмүрүн алды. Бишкек жетекчилиги кайрадан алмашты

10 Бирдин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 10-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19дан жана пневмониядан үч адам каза тапты. 82 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1436 кишиге жетти.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 253 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны — 81 923.
Стационарда дарыланууда 424 бейтап бар, алардын ичинен 119 бейтаптын абалы оор болууда. Амбулатордук негизде 535 бейтап дарыланып жатат.

КАЛАА ЖЕТЕКЧИЛИГИ АЛМАШТЫ

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу тууралуу чечимин бир күндөн кийин жокко чыгарып, бул кызматка жаңы мэр шайланганга чейин Бактыбек Кудайбергеновду дайындады.

Өкмөттүн расмий сайтындагы 10-февралдагы маалыматка караганда, Мариповдун чечими менен Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу катары дайындоо тууралуу 9-февралдагы чечим жокко чыгарылды.

Коомчулукта Нургазиевдин Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп келгенине нааразычылык айтылып жаткан. Буга Интернетте «Нургазиев аялга кол көтөргөн» деген видео тараганы себеп болгон.

ЗЕР БУЮМДАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ ТАШЫГАН АЯЛ КАРМАЛДЫ

Зер буюмдарды Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган аял кармалды. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тышкы экономикалык коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу иштерин жүргүзүп жатканын басма сөз кызматы билдирди.

9-февралда «Манас» эл аралык аэропортуна чет өлкөдөн учуп келип, бажы аймагынан тийиштүү бажылык каттоосу жок өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын 1981-жылы туулган жараны Т.Л. кармалган. Анын жүгүн текшергенде 17 кг ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды.

Сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 139