• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 11 киши көз жумду. Жол кырсыгынан төрт адам жабыркады

19 Теке 2021 14:05 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 19-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө, Чүй, Талас облустары менен Ош шаарындагы ооруканаларда жаткан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 186​ адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 287 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 917 бейтап. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 150 316 адамга жетти. Андан 126 450 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

ООГАН КЫРГЫЗДАРЫ АРТКА КАЙТТЫ

13-14-июль күндөрү талибдерден качып Тажикстанга өтүп кетишкен Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон районундагы Андемин айылынын тургундары 17-18-июлда туруктуу жашаган жерине кайтышты. Бул тууралуу Тажикстандын улуттук “Ховар” маалымат агенттиги жазды.

345 качкын 4000 үй жаныбарлары жана унаалары менен үйлөрүнө кайтышты.

Чек арачылардын айтымында, Ооганстан өкмөтү тарабынан алардын коопсуздугу кепилденгенден кийин качкындарды кайраруу Мургаб районунун Кызыл-Работ айылы аркылуу уюштурулган.

«Мургаб чөлкөмүнүн Чоштеппа жана Дуютук участкаларында жүргөндө Ооганстандын качкындарына БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясына ылайык тажик тараптан убактылуу жашоого жер, тамак-аш, кийим-кече жана медициналык жардам көрсөтүлдү», – деп айтылат маалыматта.

13-14-июль күндөрү Ооганстанда жашаган 347 кыргыз тургун(анын ичинен 91 эркек, 77 аял, 177 жашы жете элек өспүрүмдөр (64 эркек бала, 113 кыз) талибдерден качып Тажикстан өтүп кетишкен. Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда эки ымыркай чарчап калган.

Кыргыз бийлиги Тажикстан менен БУУга этникалык кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүүгө көмөктөшүгө даяр экенин билдирген.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 4 КИШИ ЖАБЫРКАДЫ

Путепроводная жана Ч.Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышып, төрт адам жаракат алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, «Фольксваген Гольф» жана «Хонда Фит» унаалары кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 1996-жылы туулган К.Б., 1995-жылы туулган А.М., 1994-жылы туулган О.Т. жана 1983-жылы туулган Т.У. жаракат алды.

Окуянын жоо-чайы иликтенип жатат.

Количество просмотров: 163