• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 6 бейтап каза болду. Бишкек шаардык кеңешине шайлоого 18 партия ат салышат

21 Кулжа 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы алты бейтап каза болду. Алардын төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусунда дагы бири Ошто катталды. Муну менен илдеттин курмандыктары 1 937 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 21-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 585 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (353).

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 360 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 115 615 киши вирус жугузуп алды. Анын 105 410у сакайды.

Учурда 2 403 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 101 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

МЭРИЯ АРАЛЫКТАН ИШТӨӨ СУНУШУН БЕРДИ

Бишкек мэриясы ишканаларга кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады. Бишкекте коронавируска байланыштуу абал курчуп бараткандыгына байланыштуу муниципалитет менчигинин формасына карабай иишкана, уюмдарга кызматкерлеринин жарымын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштайт. Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген кызматкерлердин аралыктан иштөө режимине өткөрүү маселеси каралып чыгуусу керек. Алар: 60 жаштан өткөндөр, өнөкөт оорулары барлар (гипертония, кант диабети, өнөкөт респиратордук, онкологиялык оорулар жана башкалар), кош бойлуулар, дарыланып жаткандар. “Ишкана-уюмдардагы санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталышын көзөмөлдөө үчүн жетекчилер жеке жооптуу экендигин эскертебиз”, – деп айтылат маалыматта.  Мэриянын билдирүүсүндө жогорудагы чектөөлөр шаардын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойногон мекемелерге тиешеси жок экендиги айтылат.

КАЙРА ШАЙЛООГО 18 ПАРТИЯ КАТЫШАТ

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого 18 партия ат салышат. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Шайлоого катышуу үчүн 17 партия арыз берген. Маматовдун айтуусунда, «Айкөл Кыргызстан» партиясы 11-апрелде өткөн шайлоодогу тизмени кайра каттоону суранган. Комиссия атайын отурумунда «Айкөл Кыргызстанды» дагы шайлоого катыштырууга уруксат берүүнү чечкен.

Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңешке шайлоонун үгүт иштери расмий башталды.

Бишкек шаарында 18, Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партия ат салышууда

Количество просмотров: 134