• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан каза болгондор катталган жок. Комиссия Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга каршы

8 Бештин айы 2021 13:59 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус дагы 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 15, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 358 бейтап, амбулатордук түрдө 364 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 744 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 777 киши айыгып чыкса, 2 миң 762 адам каза болду.

КОМИССИЯ ДЕПУТАТТАРДЫ ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТУУГА КАРШЫ

Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Башкы прокуратурага депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок. Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун маселесин кароону кийинкиге калтырды.

Депутаттык комиссиянын корутундусун бүгүн 8-декабрда жалпы палата карайт.

Эске салсак, Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалышкан. Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

ЭШИМОВ КЫЗМАТТАН КЕТҮҮ АРЫЗЫН БЕРДИ

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү боюнча арыз тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салайдин Айдаров билдирди. Ал буга байланыштуу фракциянын жана тийиштүү комитеттин чечими дагы бар экенин билдирип, Эшимовдун арызын кароону сунуш кылды.

Спикердин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева комитетке БШКнын мүчөлүгүнө жаңы талапкер боюнча сунуш келип түшкөнүн, эки маселе чогуу карала турганын билдирди.

Эске салсак, Эшимов алдамчылыкка айыпталып, УКМК тарабынан 11-сентябрда кармалган.

Количество просмотров: 85