• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Соңку жаңылыктар: “Коронавирустун экинчи толкуну байкала баштады…”

2 Аяк оона 2020 14:13 Бишкек Govori.TV

“Коронавирустун экинчи толкуну байкала баштады…”

2-сентябрьга карата Кыргызстанда ковид-19 илдетинен 246 бейтап айыгып чыккан. Ал эми жаңы жуктуруп алган 78 адам катталган. Анын ичинен 12 адамдан коронавирус аныкталса, 66 бейтап пневмонияга кабылган. Ал эми аталган илдетти жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 36 адамга жеткен. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усөнбаев билдирди. Анын айтымында чет мамлекеттерде коронавирус инфекцисынын экинчи толкуну байкала баштаган.

“Реакция жок!”. Жээнбеков эми ачууланды…

Президент Сооронбай Жээнбеков чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Иш чарада шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү процесси боюнча маселелер каралды. Мындан тышкары мамлекет башчысы өз сөзүндө коомчулукта айрым партиялар менен парламент депутаттыгына талапкерлер өз электоратын көбөйтүш үчүн шаарлар менен айылдардын тургундары № 2 формасы боюнча добуш бериши үчүн участокторун массалык түрдө өзгөртүп жатканы тууралуу көп сөздөр бар экенин белгиледи. Ал мындай билдирүүлөрдүн баардыгына текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Митинг учурунда жаңжал чыкты

1-сентябрда Жогорку сотто “Кыргызстан” партиясынын иши боюнча соттук отуруму болуп өткөн. Ошол эле кезде аталган имаратынын алдына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары дагы чогулушкан.

Анда “Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестик чыгып, партиянын каршылаштары менен тарапташтарын милиция кылматкерлери ажыратып калышкан.

Абактагы Атамбаев Батукаевдин соту боюнча билдирүү жасады

Абакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев “Батукаевдин иши” боюнча билдирүү таратты. Атамбаев өз билдирүүсүндө “Батукаевдин иши” деп аталган кылмыш иши боюнча соттун өкүмү күчүнө киргенин, бирок соттук териштирүү жабык өтүп жаткандыктан элдин көпчүлүгү чындыкты алиге чейин билбей, ар кандай ушак-айыңдарга ишенип жатканын жазган.

“Батукаевдин ишинин” маңызы төмөндөгүдөй, 2012-жылы пландалган УКМКнын операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкарууну УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Менин алдымда бир гана максат болчу, ондогон адамдардын өлүмүнө күнөөлүү болгон Жаныш Бакиевди жоопко тартуу. Ошондуктан иш жүзүндө “Сокенин
соту” мени канкор кылмышкер Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операцясын колдоп бергеним үчүн 11 жылга түрмөгө отургузду”-дейт ал.

Эске салсак, 14-августта Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталгандарга Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 1530