• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Соңку жаңылыктар: КР футболчуларынын татыктуу тосуп алалы… Милиционер катышкан жол кырсыгы иликтенүүдө…

22 Үчтүн айы 2019 19:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV.

КР футболчуларынын кайта турган күнү айтылды
Кыргызстандын Футбол федерациясы күйөрмандарды курама команданы “Манас” аэропортунан тосуп алууга чакырды. Маалыматта команда Кыргызстанга 24-январь күнү таңкы саат 05.00дө Дубай — Бишкек каттамы менен келери айтылат. Эскерте кетсек, улуттук команда Азия кубогунун 1/8 финалында Бириккен Араб Эмирлигинен утулугандан кийин мелдештен четтеди. “Келгиле, Кыргызстандын желегин бийик көтөргөн баатырларыбызды татыктуу тосуп алалы!” — деп айтылат билдирүүдө. Күйөрмандар саат таңкы 4.00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кире беришине чогулат. Автобусту федерация уюштурат.


Өкмөт ички каттамдар үчүн эки учак сатып алат
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Калдарбек Баймуратов региондордогу аэропорттордо оңдоп түзөө иштери жүрүп, бирок учак каттабай турганына токтолду.Бул тууралуу Кубатбек Боронов авиакаттамдарды көбөйтүү үчүн 2 учак алуу пландалууда деди. “Ушул маселени чечүү үчүн 2 учак алалы деп жатабыз. Кайсы үлгүдөгү экени дагы белгисиз. Бирок, азыр белгилүү себептерден улам так айталбай турам”,-деди Боронов.


Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды
Бишкек шаарында 34 жаштагы келиндин өмүрүн алган жол кырсыгына себепчи болгон жол инспектору экпертизанын жыйынтыгы боюнча мас болуп чыкканын калаа милициясынын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди. Экерте кетсек, каргаша 21-январда түнкү саат 00:35 чамаларында 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz кагышкан. Биринчи унаадагы айдоочу Октябрь РИИБдин 27 жаштагы аймактык тескөөчүсү болуп чыккан. Кырсык кесепетинен келин ошол жерден көз жумса, жаракат алган инспектор ооруканага жеткирилген. Рахмановдун айтымында, факт каттоого алынды, баштапкы тергөө башталып, кылмыш иши козголду. Андан тышкары, милиция кызматкерин камакка алуу сунушу киргизилип, ооруканага күзөт коюлду. Ушу тапта Октябрь райондук милициясынын жетекчилигине карата кызматтык териштирүү жүрүүдө. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилмекчи.

Теги:
Количество просмотров: 5