• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кудук казып жатып 3 киши каза болду. Абанын табы +40 градуска чейин ысыйт

27 Кулжа 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КУДУК КАЗЫП ЖАТКАН 3 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Токмоктун Жантаев көчөсүндөгү курулуш материалдарын саткан короонун ичинде кудук казып жаткан үч киши каза болуп, дагы экөө оор абалда ооруканада жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тереңдиги 18 метрлик кудуктан аба жетпей калган.

“Казып жаткан учурда кудуктун ичинде аба жетпей бир адам кулап калган, аны алып чыгам деп экинчиси кудука кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы кудуктун ичинде аба жетпей калып кетишкен”, — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Жабыркагандар учурда Токмок шаардык ооруканасында жатышат. Азырынча милиция үч адамдын өлүмү боюнча маалымат тарата элек.

Кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метр болгон. ӨКМ кызматкерлерине күбөлөр кудук казып жаткан учурда дизелдин жыты болгонун айтып беришкен. Кудуктун жанында күйүүчү май сактаган база жайгашкан.

СУУ САКТАГЫЧКА ЧӨГҮП КЕТКЕН ЖИГИТТИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Ала-Арча суу сактагычына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-июнда Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы Ала-Арча суу сактагычына 18 жаштагы М.у Б. аттуу жигит түшүп кеткен.

“Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 10:05те алты суучул-куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, — деп айтылат маалыматта.

ЫСЫК АБА ЫРАЙЫ КҮТҮЛӨТ

Кыргызстанда абанын табы +40 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

27-30-июнь күндөрү ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй облусунун өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40 градуска чейин жогорулашы күтүлүүдө.

Количество просмотров: 116