• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстандыктар жаңы жылда канча күн эс алаары айтылды. Коронавирустан дагы 4 киши каза болду

4 Бештин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 4-декабрдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде вирус дагы төрт кишинин өмүрүн алды. Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында бирден өлүм катталды.
Бир күндө вирус дагы 440 кишиден жаңы аныкталды.
Марттан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 74 373 адамды түздү. Анын 66 113 киши сакайганы айтылды. Бир күндө 524 адам ооруканалардан айыгып чыкты.
Кыргызстанда пневмонияны козгой турган коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча 1285 кишиге жетти.

21 ТАЛАПКЕР КОЛ ТОПТОДУ

3-декабрдын соңуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин койгон 21 жарандан шайлоочулардын колу коюлган баракчалар келип түштү.  Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот.

Ал эми шайлоочулардын кол тамгалары коюлган тизмени жана 1 миллион сомдук күрөөнү тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктады. Чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. Ал эми буга чейин БШК 20 талапкер шайлоо күрөсүн төккөнү тууралуу маалымат берген.

4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип, талапкердикке каттай баштайт. 15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЭС АЛУУ КҮНДӨРҮ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

Кыргызстандыктар жаңы жылда үч күн эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алдын ала маалыматка ылайык, бул ирет иш күндөрү жылдырылбайт.

«Кыргызстандыктар 1-2-3-январь күндөрү эс алышат. Ал эми 4нөн 6-январга чейин иш күндөрү болуп саналат. 7-январда кыргызстандыктар кайрадан эс алышса, жума, 8-январь күнү кайрадан ишке чыгышат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 273