• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Өмүрзаков 20 миллион бюджетке төгүп, үй камагына чыкты. Коронавирустан каза болгондор катталган жок

1 Бирдин айы 2021 14:28 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 1-февралдагы маалыматына караганда, соңку бир сутка ичинде оору 59 кишиден жаңы аныкталды.

Бир күн ичинде адам өлүмү катталган жок.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 84 588 адамды түздү. Анын 80 987си сакайган. Бир күндө 91 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Пандемияда илдеттен кайтыш болгондордун саны Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча жалпы 1412 кишини түздү.

БАЛА БАКЧАЛАР АЗЫРЫНЧА АЧЫЛБАЙ

Бишкек шаарынын мэриясы эпидемиологиялык абалга байланыштуу азырынча бала бакчалар ачылбай турганын жана мектептерде бардык класстар салттуу окутууга өткөрүлбөй калганын кабарлады.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясы 1-февралдан тартып баш калаадагы бала бакчалардын ишин жандандырууну чечкен.

18-январдан тартып калаадагы орто мектептерде 1,5,9,11-класстын окуучулары салттуу түрдө окуй башташкан. Алар окууну ушул бойдон уланта беришет. Эгерде Бишкекте коронавируска байланыштуу абал жакшырса 1-февралдан баштап бардык класстар мектепке барып окушмак

ӨМҮРЗАКОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Ош облустук башкы прокуратуранын башкы прокурору Улук Өмүрзаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, Улук Өмүрзаковдун баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып, өзгөртүлдү.

Улук Өмүрзаков мамлекетке келтирген чыгымын — 20 миллион сомду бюджетке төктү.

Белгилей кетсек, Улук Өмүрзаков «Жолчырак» көмүр кенин басып алууга айыпталып кармалган. Ал ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун иниси.

Количество просмотров: 135