• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мадумаров кайрадан суракка чакыртылды. Бир суткада коронавирус 820 адамдан табылды

18 Үчтүн айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Соңку бир күндүн ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 820 адамдан аныкталып, үч киши каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (600 адам).

Ушуну менен өлкөдө ковид жуккандардын жалпы саны 191 миңден ашты, 2836 бейтап каза болду.

Соңку бир күндө оору жуктуруп алгандардын 50 чактысы медицина кызматкерлери.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн апатада коронавирустун «омикрон» штаммы катталганын, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганын билдирген жана оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирген.

МАДУМАРОВ МЕНЕН МАСАЛИЕВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайрадан Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча кайрадан суракка чакыртылган. Андан сырткары ушул эле маселе боюнча суракка депутат Исхак Масалиев да чакырылганы кошумчаланды.

Эске салсак, Мадумаров 17-январда жана 14-январда дагы дал ушул маселе боюнча сурак берген.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» билдирген.

КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРА БЕКЕТТЕРИ КАДИМКИ ТАРТИПТЕ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштей баштаганын маалымдады.

Ага ылайык, «Ак-Жол», «Чалдыбар», «Чоң-Капка», «Кең-Булуң» жана «Токмок» чек ара бекеттери 17-январь 17:00дөн баштап жарандарды жана автоунааларды эки тарапка тең чектөөсүз өткөрө баштады. Бирок, «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинен Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын Казакстанга өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кыргызстанда жүргөн казак жарандары жана Казакстанда жүргөн казак жарандары аталган бекеттен өтө алат. «Каркыра» өткөрмө бекетинен Кыргызстанда жүргөн казак жарандары өтө алышат.

Чек ара кызматы учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин маалымдады. Жүк ташыган автоунаалардын тыгыны жок.

Коңшу өлкөдөгү соңку саясий окуялардан улам өткөн аптада айрым чек ара бекеттери убактылуу жабылып, кайра жарым жартылай ачылган, жүк алып өтүү сээлдеген жана кээ бир жерлерде казак тарапка жүк ташыган автоунаалардын тыгыны байкалган.

Количество просмотров: 265