ЖАШ БАЛА КӨЛМӨГӨ ЧӨГҮП КЕТТИ
Ысык-Ата районунда 5 жашар бала көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Кеңеш айылында балык кармоочу жайында көлмөгө 2017-жылы туулган А. Ы аттуу жаш бала чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштери жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылып, жогору аталган баланын сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
ОШТО ЖЕР СИЛКИНДИ
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында күчү 2,5 баллды түзгөн силкинүү катталды. Жер титирөө 17-октябрь күнү, саат 21:37де катталганын Сейсмологиялык институт маалымдады.
Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жапа чеккендер жана кыйроолор жок.
Сейсмологдор силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткенин билдиришүүдө.
МАЛ УУРДООГО ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ
Оштун Кара-Суу районунда 210 миң сомдук малды уурдаганга шектелип кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-октябрда Кара-Суу райондук милициясына арыз менен жарандар кайрылып, өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдиришкен. Малдардын жалпы суммасы 210 миң сомду түзөт.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин (“Уурдоо”) негизинде иш козголгон.
«Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында малды сатып жаткан жеринен 27 жаштагы, 31 жаштагы жана 22 жаштагы 3 жаран кармалган.
Шектүү жарандар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.