• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мамлекеттик кадр кызматынын аты өзгөртүлүп, жетекчиси алмашты. Тергөөчүлөр пара алууга шектелип кармалды

15 Жетинин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


МАМЛЕКЕТТИК КАДЫР КЫЗМАТЫНЫН АТЫ ӨЗГӨРДҮ

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстанда Мамлекеттик кадр кызматы жоюлуп, анын ордуна Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттик түзүлдү. Анын жетекчилигине Элчибек Жантаев дайындалды.

ШАЙЛОО: 128 МЫЙЗАМ БУЗУУ КАТТАЛДЫ

Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталгандан бери, 15-ноябрга карата 128 мыйзам бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Мунун ичинен 28и кылмыш катары: Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) боюнча 21 факты; 82-беренеси (жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу) боюнча 2 факты; 200-беренеси (уурдоо) боюнча 2 факты; 355-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча 1 факты; 145-беренеси (өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу) боюнча 1 факты; 266-беренеси (ээнбаштык) боюнча 1 факты тиркелди. Мындан тышкары Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал катталган. Анын ичинен 43ү номенклатуралык ишке чыгышталган, 15 материал аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, 8 материал башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы 7 материал каралууда.

ТЕРГӨӨЧҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, тергөөчүлөр “Н.Д.” аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. Факт Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү («Опузалап пара алуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган тергөөчүнүн бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 2285