Соңку жаңылыктар: Ошто бир айылды камсыздай турган ГЭС курулат
Соңку жаңылыктар: Ошто бир айылды камсыздай турган ГЭС курулат
29 Баш оона 201814:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.
Ош шаарында кубаттуулугу 2 мегаватт (МВт) болгон чакан гидроэлектростанция курулат. Бул тууралуу объектти курууну пландап жаткан “Ак-Буура групп” компаниясынын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ГЭС Ак-Буура дарыясынан бөлүнүп чыккан Увам каналына, Ош шаарына караштуу Жапалак айыл аймагынын Озгур айылынын тушуна түшөт. Учурда анын уруксат документтерин бүткөрүү иштери жүрүп жатат.
28-августта Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында аталган ГЭСти курууга макулдук берген токтом кабыл алынды. Эми кыргыз өкмөтү аталган каналдын жээгиндеги 80 сотых жерди берүү боюнча токтом чыгарышы керек.
Чакан ГЭС Чехия, Австрия, Германия жана Кытай мамлекеттеринин биринин технологиясы менен курулат. Анын курулушуна жалпы 1,5 миллион доллардай каражат кетет. Бул сумма Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя катары алынат.