• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто учактын шинасы жарылып кетти. Жээнбеков Индонезиянын өлкө башчысына көңүл айтты

1 Тогуздун айы 2018 12:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков Индонезиянын өлкө башчысына көңүл айтты
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезияда болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого көнүл айтты.
“Индонезия Республикасынын Сулавеси аралында болгон цунаминин кесепетинен көптөгөн адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен, бардык жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм”, – деп белгиленет Мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында.
Ош шаарындагы аба майданда учактын шинасы жарылып кетти
Ош шаарындагы аба майданда учактын шинасы жарылып кетти. Бул тууралуу маалыматты «Манас» эл аралык аба майданынан тастыкташты.
Avia Traffic компаниясынын учагы кечээ Ош-Москва багыты боюнча учмак.
«Каттам бир азга жылдырылды. Жүргүнчүлөрдүн баары башка учак менен учуп кетишти. Учурда аталган факт боюнча текшерүү жүрүп жатат», —деп билдиришти аба майдандан.
Милиция ырчы Зере Асылбекти коркуткандарды издеп баштады
Милиция ырчы Зере Асылбекти коркуткандарды издеп баштады. Бул тууралуу
Чүй ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, ырчы далил катары анын дарегине карата жазылган коркутуулар тууралуу билдирүүсү бар телефонду берди. Ал арызды Ысык-Ата РИИБга берген.
Эске салсак, ырчынын дарегине карата коркутуулар ал ырдап чыккандан кийин келе баштаган. «Кыз» аттуу ырдын клибинде Зере ич кийимчен тартылган.

 

Количество просмотров: 8