• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Райым Матраимов кармалды. Өлкөдө вирус жуктургандар 50 миңден ашты

20 Тогуздун айы 2020 14:12 Бишкек Govori.TV

МАТРАИМОВ КАРМАЛДЫ

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, Райымбек Матраимов коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деп айып тагылууда. Учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү иштери башталды.

НАРИМАН ТЮЛЕЕВ ВИЦЕ-МЭР БОЛДУ

Нариман Тюлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, вице-мэр кызматын буга чейин Алмаз Бакетаев ээлеп келген.Белгилей кетсек, Нариман Түлеев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алып, вирус дагы 384 кишиден жаңы табылды. Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу расмий аныкталган март айынан бери оору жугузуп алгандардын саны 52 910 кишини түздү. Анын 46 139у айыкты. Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2690 бейтап стационарда, 2481и үй шартында дарыланууда.

Количество просмотров: 72