• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сабиров кызматтан кетти. Аялы күйөөсүн өлтүрүүгө шектелүүдө

26 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ИНВЕСТИЦИЯЛАР АГЕНТТИГИНИН ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ
Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Темиралиев Умбриэль Темиралиевич президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган агенттиктин буга чейинки жетекчиси Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

АРИПОВ БИШКЕККЕ КЕЛДИ
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынына катышат жана Кыргызстандын президенти менен жолугушат.

АЯЛЫ КҮЙӨӨСҮН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ
Бишкекте үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрда болжол менен саат 04:26да «102» кызматына борбор калаадагы 11-кичирайонундагы үйлөрдүн биринде жаран бычактан жараат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
“Жеринде 41 жаштагы жарандын сөөгү табылган. Анын төшүнө бычак сайылганы байкалган. Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары маркумдун 39 жаштагы жубайын кармашып, тергөө кызматына жеткиришкен.
Кармалган аял үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүнүн жолдошун бычак менен сайып жибергендигин билдирген. Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 361