• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сауд Арабия зыяратчыларды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алды

24 Кулжа 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

Элдин кабыргасын кайыштырган вирус

24-июньга карата дагы 207 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Булардын ичинен 25и медицина кызматкери. Ошондой эле бир бейтап көз жумган. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, акыркы сутка ичинде 28 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылган. Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккан адамдардын саны 9 млн ашса, алардын ичинен 4,6 млн бейтап айыгып чыккан жана 500 миңге чукул адам бул илдеттен көз жумган. Орто Азия боюнча алып караганда эң көп көрсөткүч Казакстанда-18 миң 231, андан соң Өзбекстанда-6 миң 662, кийинки орун Тажикстанда 5 миң 567 жана эң аз деп эсептелген Кыргызстанда-3 миң 726 адам аталган вируска чалдыгышкан.

Сауд Арабия зыяратчыларды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алды

Жыл сайын ажылык сапар үчүн Меккеге 2 млн чукул адам зыйяратка келишчү. Бирок 2020-жылы коронавируска байланыштуу ажылык сапарды миңге чукул адам гана аткара алышат. Алар мамлекетте туруктуу жашаган чет элдиктер менен жергиликтүү тургундар болмокчу.

Сүлүктүдөгү шахтада 4 адам каза болду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү ЖЧК “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабаралшты. “Жерине ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери барып, ууланган адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Ымыркайды 18 миң долларга сатууга аракет жасаган эки аял кармалды

Сырдарыя облусунун борбору Гулистан шаарында 23-июнда бир айлык ымыркайды 18 миң долларга сатууга аракет жасаган эки аял кармалды. Сырдарыя облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, адам сатуу жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери наристе сатууга аракет жасаган аялдарды кармашкан. Алардын бири баланын энеси, экинчиси, ага жардам берген аял болгон.

Количество просмотров: 69