• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Сот аткаруучу чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталды. Өрттө 8 жаштагы бала каза болду

5 Аяк оона 202314:06 Бишкек Govori.TV

ӨРТТӨ ЖАШ БАЛА КӨЗ ЖУМДУ

Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 06:10до Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза тапкан.

МОНЧОЛОР ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

Бишкек шаардык мэриясы шаардагы мончолорду текшерип баштады. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка караганда, муниципалдык инспекторлор комиссиясынан, Жаратылыш ресурстар министрлигинен, РИИБден, Борбордук мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринен турган туруктуу топ тыюу салынган заттардын күйүү фактыларын аныктоо боюнча рейддерди баштады.

«Бир жуманын ичинде 27 мончо эко тесттен өттү. Шаардыктардын суроо-талабы боюнча «С легким паром», «Фрунзе», «Датка» мончолору да текшерилди. Тыюу салынган буюмдарды күйгүзүү фактылары аныктала элек, бардыгы газ менен жылытууга өтүп, жеке үйлөрдөгү мончолор көмүр жана отун менен жылытылат», — деп айтылат маалыматта.

Муниципалдык инспекция зыяндуу заттарды өрттөө Кылмыш-жаза кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча 7500 сомдон 23000 сомго чейин айып салууга алып келерин эскертет.

СОТ АТКАРУУЧУ ЧЕТ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ БОЛУП ЧЫККАН

Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясы чет мамлекеттин жараны экендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

2016-жылы аталган жаран президенттин Жарлыгы менен Кыргызстандын жарандыгын алган жана 2021-жылдын 26-июнунда  президенттин Жарлыгы менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы болуп дайындалган. Андан соң 2022-жылдын 30-апрелинде ротация тартибинде Ош облусунун Ноокат райондук сотунун тергөө судьясынын кызматына которулган.

Ошону менен бирге, белгиленген процессуалдык тартипте УКМК тарабынан тастыкталып, КР судьялыгына талапкер катары тандоо процессинде ал чет мамлекеттин жарандыгы бар экенин жашырган. 2023-жылдын 29-августунда прокуратура тарабынан КР Судьялар кеңешине Ош облусунун Ноокат районунун тергөө судьясы аталган жаранга карата дисциплинардык иш козгоо жөнүндө өтүнүч келтирилген.

Количество просмотров: 82