• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Соңку жаңылыктар: Таштандыдан табылган наристени таенеси багып алууга даяр. 12 өрт кырсыгы катталды

16 Жетинин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

БАҢГИ ТОБУ АНЫКТАЛДЫ

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгү токтотулуп, «мефедрон» баңги заты табылып алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Чүй облусунун Учкун айылынын боюндагы Манас аэропорту – Бишкек шаары унаа жолунда жалпы салмагы 9 кг 980 граммды түзгөн «мефедрон» синтетикалык баңги затын алып жүргөн 42 жаштагы Ж.А.Г. аттуу жаран кармалган. Аталган заттын 1 гр базар баасы 6000 сому түзүп, жалпысынан табылган жүктүн баасы 59 млн 880 миң сомго жеткен.

Жогоруда кармалган адам тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта да активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

ТАШТАНДЫДАН ТАБЫЛГАН ЫМЫРКАЙ…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкектеги таштанды челектен табылган наристенин тагдыры тууралуу маалымат берүүнү улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, Талас айылынын жашоочусу С.Г (таенеси) келип, небересин өзүнө алып кетүүгө даяр экенин билдирген. Бирок таенесине берүү үчүн мыйзамга ылайык шарттарынын жана талаптардын аткарылышынын негизинде берилет жана бул боюнча атайын жумуш жүрөт.

Учурда бала дары-дармек, медициналык жардам жана кийим-кече менен камсыздалган.

БИР СУТКАДА 12 ӨРТ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 14 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 4, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Количество просмотров: 97