• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Текебаевге кол салгандардын бири кармалды. Коронавирустан 3 адам көз жумду

2 Бештин айы 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 2-декабрга карата дагы 56 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптар арасынан инфекцияга каршы вакцина албаган үч киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады. Ооруну жуктуруп алгандар көбүнчө Бишкек шаарында. Ал эми Ош шаары, Талас, Нарын облустарында инфекция жуктуруп алгандар катталган эмес.

Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 460 адам болду, 2 752 киши көз жумду. Вирустан жалпы 72 миңден ашуун бейтап сакайып чыкты. Учурда 389 киши ооруканада, 432 киши үйүндө дарыланып жатат.
Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 миңден ашуун адам өттү, анын теңинен көбү биринчи дозаны, калганы экинчи дозаны алган. Өлкөдө ооруга каршы 2 млн. ашык киши эмделди.

ЧЕК АРАДА КЫРДААЛ ТУРУКТУУ

Баткен облусунун Баткен районундагы Дахме жергесинде түн тынч өттү, кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-декабрдасаат 23:30да Баткен районунун Төрт-Көчө жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын райондорунун акимдери, укук коргоо жана компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусунун Дахме жергесиндеги мамлекеттик чек арага жакын жерде орун алган окуя, тактап айтканда, белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 ирет ок чыгаргандыгы тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында тараптардын укук коргоо органдары 2021-жылдын 2-декабрынан тартып чек ара аймагында биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Эки тараптын чек ара бөлүктөрү күзөт иштерин күн сайын өткөрүп турат.

2021-жылдын 2-декабры саат 09.00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу

ТЕКЕБАЕВГЕ КОЛ САЛГАНДАРДЫН БИРИ КАРМАЛДЫ

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Шектүү Чүйдүн тургуну. 2-декабрга караган түнү милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырган.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Количество просмотров: 263