• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Жапаров эл каттоого катышты. Украинада каза болгон Дорбоевдин сөөгү жерге берилди

25 Жалган куран 202214:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 25-мартка карата коронавирус 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 14 адам илдеттен сакайып чыкты, илдеттен 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 58 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 857 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 983 адам каза болду.

ЖАПАРОВ ЭЛ КАТООГО КАТЫШТЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта өлкө боюнча башталган 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты.

Мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен Жапаров жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.

Эске салсак, Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 2022-жылдын 3-апрелине чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт. Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды. Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.

УКРАИНАДА КАЗА БОЛГОН ЖАРАН ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ

Украинада каза болгон теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоевдин сөөгү бүгүн, 25-мартта туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында жерге берилди.

Маркумдун сөөгү айылына 24-марттын кечинде жеткирилген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, орус жараны Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Количество просмотров: 126