• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Жапаров Кочкорго барды. Терминалдарды  уурдоого шектелип 2 жигит кармалды

11 Жалган куран 202214:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 11-мартка карата коронавирус 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 25 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 161 бейтап, амбулатордук түрдө 210 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 707 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 786 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.

ТЕРМИНАЛ УУРДООГО ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Сокулукта акча жана төлөм терминалдарын уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, февраль айында Сокулук РИИБине эки жаран арыз менен кайрылып, азык-түлүк саткан дүкөнүнө белгисиз бирөөлөр киришип, акча каражаттарын жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кетишкенин билдирген. Анда биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар терминал уурдалган. Ал эми экинчи факты боюнча 29 миң сом акча жана жалпы баасы 1 миллион сомдук терминал уурдалган.

Бул фактылар кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «уурдоо» боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Аталган кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

КОЧКОРДО УСУБАЛИЕВДИН ЭСТЕЛИГИ АЧЫЛДЫ

Нарын облусунун Кочкор районунун борбору Кочкор айылында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

«Турдакун Усубалиевич өмүр бою жакшы адам бойдон калды. Ал баарыбызды суктандырган наркын сактап, сынын бузган жок. Турдакун Усубалиевич – бийлик менен дөөлөттү көтөрө билген, сабырдуу, абийирин таза туткан, эң жөнөкөй инсан эле. Дагы бир жолу, урматтуу Турдакун Усубалиевич, сизге башыбызды ийип таазим этебиз. Элибизде сиздей улуу инсандар арбын болсун. Өлкөбүз туруктуу өнүгүп, мамлекетибиз күчтүү болсун», — деди президент.

Кыргыз ССРин 1961-1985-жылдары башкарган Турдакун Усубалиевге Кыргыз Эл баатыры наамы ыйгарылган. Ал 2015-жылы 86 жашында көз жумган.

Турдакун Усубалиевдин ысымы Бишкек шаарынын эски аянтына, Нарын шаарынын борбордук аянтына берилген. Нарын шаарынын борбордук аянтына эстелиги орнотулган.

Количество просмотров: 227