• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жол кырсыкта айдоочу 2 баласы менен көз жумду. Мугалимдердин маянасы тууралуу министрлик маалымат тартты

12 Бугу 2022 14:07 Бишкек Govori.TV

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН АЙДООЧУ ЭКИ БАЛАМЫ МЕНЕН КАЗА БОЛДУ

Бишкек-Ош автожолунун 500-чакырымында 11-майда саат 09:00дөр чамасында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 31 жаштагы М.Н. аттуу тургунунун башкаруусундагы «Дэу-Матиз» унаасы Өзгөн районуна бара жатып карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Жеңил унаа Бишкек шаарынын 50 жаштагы Ч.А. аттуу тургунунун башкаруусундагы Toyota Land Cruiser 200 автоунаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен «Дэу-Матиз» автоунаасынын айдоочусу М.Н. окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочунун 6 жаштагы Т.А. аттуу уулу жана 5 жаштагы Т.Н. аттуу кызы денесинен оор жараат алып, Өзгөн райондук ооруканасында каза болгон.

Ал эми айдоочунун 30 жаштагы К. кызы Н. аттуу аялы, Land Cruiser унаасынын айдоочусу жана 16 жаштагы К.Э. 19 жаштагы К.А. аттуу жүргүнчүлөрү денелеринен ар кандай жараат алып, райондук ооруканасына жаткырылган. К. кызы Н. кош бойлуу болгон, анын боюнан түшүп калган. Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүүдө

МУГАЛИМДЕРДИН КӨБӨЙТҮЛГӨН АЙЛЫГЫ САКТАЛАТ

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдердин айлык акысы сентябрь айынан тартып да көбөйгөн боюнча туруктуу сакталарын маалымдоодо. Министрликтин басма сөз кызматы 12-майда тараткан маалыматка ылайык, 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы сакталат.

«Министрлер кабинетинин чечими боюнча орто мектептерде жана бала бакчаларда иштеген мугалимдердин айлык акысы саатына эмес, оклад катары төлөнө баштады. Ошондой эле төмөнкү базалык ставка белгиленди, буга жараша оклад эсептелет» деп жазылган маалыматта.

Жаңы окуу жылында мугалимдерге 1,5 ставкадан ашык иштөөгө уруксат берилбейт. Ал эми 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы кемитилбей сакталат.

Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн.

БИШКЕКТЕ ЫСЫК СУУ ӨЧҮРҮЛӨТ

Бишкек шаарында 16-майдан тартып бир айга ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгиленгендей, өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө үчүн жана жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 167