• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Журналист Семетей Талас уулун кармап кетишти. Коронавирустан 2 адам көз жумду

18 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда 18-февралга карата коронавирус 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Акыркы суткада 191 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 622 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 255 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 792 киши айыгып чыкса, 2 миң 939 адам каза болду.

ОКУУЧУ КЫЗДЫ МАРШРУТКАНЫН АЙДООЧУСУ СҮЗҮП КЕТТИ
Бишкекте жөө өтмөктөн өтүп бараткан 11 жаштагы кызды маршрутканын айдоочусу сүзүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-февралында болжол менен саат 17:00 чамасында 138-маршурттук унаанын 1993-жылы туулган Р.М. аттуу айдоочусу Ден Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2011-жылы туулган К.А. аттуу кызды сүзүп алган.
Натыйжада жөө жүргүнчүнү №3 шаардык ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына жеткирилген. Жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

СЕМЕТЕЙ ТАЛАС УУЛУ КАРМАЛДЫ
Жарандык активист, журналист, «Фейсбук» социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишти. Бул тууралуу анын жубайы билдирди.
Тинтүү учурунда үйдө апасы, балдары гана болгон. Жакындары азырынча аны кайда алып кетишкенин жана кайсы орган алып кеткенин билишпейт.
Расмий органдардан маалыматты тактоо мүмкүн боло элек. УКМКнын жана ИИМдин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди.

Количество просмотров: 124