• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Журналисттин өлүмү боюнча кармалган блогер абактан чыкты. Ишкердин үйүнөн куралдар табылды

19 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАШ КЫЗДЫ ЗОРДУКТОО ИШИ БОЮНЧА ДАГЫ БИРИ АДАМ КАРМАЛДЫ

Бишкектеги кафелердин биринде жашы жете элек кызды зордуктоо кылмыш иши боюнча тергөө убагында дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар экендиги такталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында кызы 2005-жылы туулган О.А. менен тааныш болгон адамдар анын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун билдирген.

Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында КР Кылмсыш-жаза кодексинин 154-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, айыбы угузулуп камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.

«Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгында бул кылмышка 1996-жылы туулган Т.М. дагы катыштыгы бар экендиги такталып, КР ЖПКнин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта. Учурда тергөө уланууда.

ИШКЕР КУРАЛ-ЖАРАК САКТООГО АЙЫПТАЛУУДА

«Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең ээлеринин бири А.Ж.Т аттуу 1970-жылкы жаран ок атуучу курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматта айтылгандай, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.

«Шектүү күнүмдүк турмушта аскердик форма (камуфляж) кийип жүрөт. Ал ар кандай агрессиянын түрүнө жакын болгондуктан жогорудагы курал-жарактарды алууга жана мыйзамсыз сактоого түрткөн», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда бул фактыга байлыныштуу кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө уланып жатат.

Белгилей кетсек, «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең кожоюну Журат Абдуллаев болуп саналат.

БАТКЕНДЕ БЛОГЕР ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Баткен райондук соту блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу облустук соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 18-августта чыккан. Келерки соттук отурум 8-сентябрь саат 14:00гө белгиленген.

Эске салсак, Жолболдуева журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып 28-мартта камалган. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 195