• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сокулукта көлмөдөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

6 Теке 202012:04 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районундагы көлмөдөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылды.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июль күнү саат 19:14тө Шопоков шаарындагы көлмөдө белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«№23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары болжол менен 55-60 жаш курактагы эркек адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 352