• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соода борбордун баштыктарында «Кыргызстан» — ката менен жазылган (сүрөт)

23 Аяк оона 2019 12:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 30 жыл мурун, тагыраак айтканда 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз-тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет.

30 жыл ичинде мамлекеттик тилибиз канчалык өнүгүп өстү, кандай ийгиликтерге жетишти, анын баарын атайын адистер иликтеп, өз баасын беришеер. Бирок тилибиз гүлдөп, өнүгүп өсүп, мамлекеттик тил деген статусуна толук жооп берип жатат деп толук айта албайсың. Анткени мамлекеттик иш кагаздарда, көрнөк-жарнактарда эң жөнөкөй сөздөр кыргыз тилинде ката жазылып жатканын көрүүгө болот. Социалдык түйүндөрдө желим баштыкка түшүрүлгөн «Кыргызстан» — деген жазуу ката менен басылып чыкканы кызуу талкуу жаратты.

Количество просмотров: 38