• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков авиакырсыкка байланыштуу Эфиопиянын президентине көңүл айтты

12 Жалган куран 2019 10:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.03.2019. Govori.TV

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көптөгөн адамдар курман болгондугуна байланыштуу Эфиопиянын Президенти Сахле-Ворк Зевдеге көңүл айтты.

«Аддис-Абеба–Найроби каттамындагы авиа кырсыктын кесепетинен көп сандагы адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Каза болгондордун бир туугандарын жана жакындарын сабырдуулукка чакырам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Белгилей кетсек, Эфиопияда учак кырсыкка кабылып, 157 адам каза болгон.

Количество просмотров: 18