• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков: Эгемендүү мамлекетибиздин туусу ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берсин!

3 Жалган куран 2019 10:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.03.2019. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн белгиси – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат.

Биздин башкы максатыбыз – Кыргызстанды урпактарыбыз сыймыктангыдай эркин жана өнүккөн мамлекетке айландырып, элибиздин бейпил жашоосу үчүн шарттарды түзүү. 

Ушул жаркын майрамда бардыгыңыздарга чың ден-соолук жана бакыт-таалай, Кыргызстаныбызга – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм! 

Эгемендүү мамлекетибиздин туусу элибизди ынтымакка, биримдикке жана жаратмандыкка чакырып, ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берсин!”

Количество просмотров: 22