• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Сооронбай Жээнбеков: «Элчи менен ырчыга өлүм жок»

14 Жалган куран 2019 12:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.03.2019.Govori.TV.

Кээ бир элчиликтердин кызматкерлери дипломаттык статусун пайдаланып, мыйзамсыз иштер менен алектенген фактылар болгон. Мындай пикирин Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өткөн жыйында айтты.

«Катардагы кызматкер эмес, айрым элчилердин өздөрүнүн дагы жүрүм-туруму алардын жогорку статусуна, элдин атынан чет жерде өкүл болууга татыктуу эмес»,-деди Жээнбеков.

Президент Дипломатияда адашып келип калган адамдарга орун жок болушу керектигин кошумчалады.

«Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экендигин көрсөттү. Дипломатияда ага окшоп адашып келип калган адамдарга орун жок болушу керек»,-деди ал.

Көпчүлүгү табиятынан мыкты дипломат экенин көрсөтсө, тилекке каршы, ишенимди актабаган учурлар да бар экендигин Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө айтып өттү.

«Дипломат — өзүнүн абийирин жана өлкөнүн намысын бийик туткан инсан болушу абзел экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салам. Кыргыздын тарыхында өз Мекенине, элине ак ниет кызмат кылган элчилер өткөн. Алар капилеттен сөз тапкан чечен, кара кылды как жарган калыс, мекенчил, ички маданияты бийик, эл ичинен чыккан тубаса дипломат болушкан. Ошондуктан биздин эл илгертен элчилерге терең сый-урмат менен мамиле кылып келген. «Элчи менен ырчыга өлүм жок» деп бекеринен айтылган эмес. Бул сөз — тарыхый кыйчалыш учурларда, журт башына кыйынчылык түшкөндө ортого элчилер түшүп, журт кызыкчылыгын коргоп келишкенин тастыктап турат»,-деди Президент.

Эске салсак, жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышууда.

Теги:
Количество просмотров: 26