Бишкек.17.12.2018.Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 19-декабрда алгачкы маалымат жыйынын өткөрөт.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында 84 жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын
170тен ашуун өкүлдөрү каттоодон өткөн.
Президент быйылкы иштер тууралуу айтып, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп бермекчи.
Жээнбековдун бийликке келгенине бир жылдан ашык убакыт өттү. Ал 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо алдыга чыгып, ошол эле жылы 24-ноябрда ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен.