Бишкек.19.12.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда өлкө башчга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен болгон кармашына эл иренжип бүткөнүн айтып, качан чечкиндүү чаралар көрүлөрү боюнча суроо узатылды.
«Мен жөн гана иштеп жатам, эч нерсеге көңүл бурган жокмун. Менин милдетим — күнү-түнү эл, мамлекет үчүн иштөө. Мен тандаган жолум менен кетем. Элге берген сөзүмдү Кудай буюрса аткарам», — деди Жээнбеков.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы бүгүнкү жыйында жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Эске салсак, Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо алдыга чыгып, ошол эле жылы 24-ноябрда ант берип, расмий түрдө кызматка киришкен.