• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

27 Бештин айы 201817:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.12.2018.Govori.TV

 

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президентин жана жалпы түркмөн элин келе жаткан 2019- жаңы жыл менен куттуктады.

Мамлекет башчылары ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча 2019-жылга карата биргелешкен пландарды аныкташты.

Теги:
Количество просмотров: 15