• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков: Жаш адистерди мамлекеттик кызматка тартуу уланат

12 Жетинин айы 2018 16:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында республика жаштарынын конгрессинин ачылышында айтты.
Элзар Тилебалды уулу тартуулаган «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен таанышып чыгып, Президент мамлекет башкаруучулардын улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жаткандыгын белгилеп, бир кезде «100 менеджер» кыймылы түзүлгөн Япониянын тажрыйбасын мисалга келтирди.
«Билимдүү, иштерман, жаңы көз караштардагы жаш адамдар бул өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө өзгөчө роль ойногон. Улуттук кадрдык, менеджерлик корпуста жаштардын катары калың болушу керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Конкурска катышкан 715 адамдын ичинен 35 адам кадрлар резервине өттү.
Количество просмотров: 33