• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбековду Түркия салтанаттуу түрдө тосуп алды (фоторепортаж)

10 Чын куран 2018 9:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек 10.04.18 Govoti.TV

9-апрель күнү, Анкара шаарындагы президенттин ак сарайында  Кыргызстандын президентти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын расмий жолугушуу салтанаты болду.
Сооронбай Жээнбековдун кортежин Ак сарайдын оозуна чейин ардактуу атчан кароол коштоп келди. Ал жерден Реджеп Тайип Эрдоган өзү тосуп чыкты. Эки өлкөнүн желеги көтөрүлүп, ардактуу кароол Кыргызстан менен Түркиянын гимнин аткарышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков ардактуу кароол менен учурашкан  соң, өлкө башчылары тар чөйрөдөгү жыйынга кирип кетишти. Андан соң кеңейтилген форматтагы жолугушуу болду.

 

Количество просмотров: 18